Жаңылыктар
Нарын районундагы Лахол айылында сүттү кайра иштетүүчү цех ачылды
Экономика
Нарын районундагы Лахол айылында сүттү кайра иштетүүчү цех ачылды

Нарын районундагы Лахол айылында сүттү кайра иштетүүчү цех ачылды. Мындай элеттиктердин жашоосун жакшырткан ишкананы чет элдик инвесторлор колдоп, ага 15 миң доллар беришкен. Азыр ишкана чакан айылдан өндүрүлгөн сүттү сатып алып, айылдыктардын капчыгын толтуруп, сүйүнтүп жатат.

Толкун Алымкулова эми үй-бүлөсүнө кошумча киреше таба алат. Тактап айтканда, короосундагы 3 уйун саап, аны айылдагы жаңы ачылган сүттү кайра иштетүүчү ишканага өткөрөт. Күнүнө 15 литрди 15 сомдон сатып, ага күнүмдүк чай-чамегин алып, же болбосо аны сүттөн жасалган азыктарга алмаштырып койсо да болот.

Ишканада иштин казаны кайнап жатканына бир жума болуп, 4 киши иштеп жатат. Булар суткасына 750 литр сүттү иштеткенге алы жетет. Жаңы алынып келинген жабдыктар да буга ченелген. Жабдык демекчи аларды чет элдик инвесторлор кол сунуп, 15 миң доллар акча которуп, сатылып келинди. Эми ишкананын алдыга койгон бир гана максаты бар. Чыгарган продукцияларын республиканын башка аймактарына жайылтуу.

Өндүрүш өнүксө - өлкө өнүгөт демекчи чакан ишкананын салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңештен депутаттар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, цехтин келечегине кең өсүш каалап кетишти.

Нарын районунда аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында дагы элеттиктердин жашоосун жакшырткан иштер арбын. Тактап айтканда, айыл чарба, мал чарбасы жана өндүрүш тармагындагы 31 объекти ачылып, ишке берилди.


Албетте элет жергесинде ушундай өндүрүш көбөйүп, карапайым калктын катмарында жагымдуу кабар аралай берсин дейли.