Жаңылыктар
Оштун Кара-Суусунда травертин аталышындагы сары ташты иштеткен ишкана ачылды
Экономика
Оштун Кара-Суусунда травертин аталышындагы сары ташты иштеткен ишкана ачылды

Нарында айыл чарба продукцияларын алга жылдыра турган цех иштеп жатса, өзгөндүктөр ташты кесип, экспортко багытталган продукцияны өндүрө баштады. Кара-Суу райоунундагы Жаңы-Арык айылында 50 кишини жаңы жумуш орун менен камсыздаган чакан цех ишке кирди. Травертин ташын кесип, даярдоочу ишкана өндүргөн продукциясынын 90 пайызын Орусияга, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттерине экспорттойт.  Мындай өндүрүш тармагын жанданткан ишканадан Ошто жыл башынан бери 42си ачылды. 

Оштун Кара-Суусунда травертин аталышындагы сары ташты иштеткен ишкана ачылды. Азыр 20, жыл соңуна чейин дагы ушунча санда жумушчу оруну болот. Ишкананы көп жылдар бою сыртта эмгектенип жүргөн Кара-Суулук ишкер ачты. Ишкер, бөтөн жер, бөтөн элде акча табуунун кыйынчылыгын жон териси менен сезгендерден. Аймактарда, болгондо да тоолуу элет жеринде мындай жаңы жумуш орундарынын ачылышы, ошол элдин социалдык абалын жакшыртууга өбөлгө болоору турган кеп. 

Бул, быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кара-Суу районунда жаңыдан эшигин ачкан 11- ишкана. Жыл соңуна чейин, жергиликтүү бийликке 400 жаңы жумушчу орунун түзүү милдети коюлган. Райондо 400 миңге чукул калк жашайт. 

Быйыл, мына ушул бизнес тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жаңы кадамдар жасалууда. Буга, мамлекет башчысынын ишкерлер менен жакындан пикир алышуусу, ийри отуруп, түз кеңешкени күбө. Ачык-айкын жолугушууда, ишкерлер бир катар көйгөйлөрдү айтканга жетишкен. Жолугушууларда көтөрүлгөн ар бир сунуш-пикир, арыз кагаз жүзүндө калбашына кепилдик берилген. Өнөктүк мындан ары салт катары уланмай болууда.

Жыл башынан тартып, 7 район 3 шаардан турган Ош облусуна жалпы 2 млрд сомдон ашуун инвестиция тартылган. 42 жаңы ишкана ишке кирди. Мунун 40 пайызы айыл-чарба тармагына багытталган. Жыл соңуна чейин өрөөнгө 62 ишкананы түптөө милдеттендирилген.