Жаңылыктар
Ала-Бука районунда чек арачылар үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдүн курулушу бүткөрүлдү
Чек ара
Ала-Бука районунда чек арачылар үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдүн курулушу бүткөрүлдү

Акыркы жылдары мамлекет Куралдуу күчтөрүнө, анын ичинде чек арачыларга ар тараптан камкордук көрүп келүүдө. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек арачылар үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдүн курулушу бүткөрүлүп, тапшыруу аземи болду.

Бул күнү жаңы турак-жайлуу болуп, кубанычын койнуна ката албай тургандардын арасында Алмаз Осмонов менен Наргиза Жанжигитова да бар. Жубайлардын бирге кызмат өтөп баштаганына быйыл 9 жыл болгон. Ал эми Алмаздын чек ара кызматына келгенине 20 жылга чукулдаган. 3 баланын тарбиялап жаткан Алмаз менен Наргиза буга чейин Айдаркен, Баткен жана Ош чек ара отрядында кызмат өтөшкөн. Бирок ал учурда батир жагынан кыйынчылык көп эле болуп келгенин айтышат. 

Курулуш Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү алкагында Россия өлкөсү тарабынан каржылаган. Курулушка 53 миллион 652 миң сом жумашлаган. 3 кабатту үйдүн 18и бир бөлмөлүү болсо, калгандары эки бөлмөлүү. 24 батирлүү болуп курулган турак жай 24 кызматкерге тапшырылды. 

Жаңы кошун ээлерин куттуктап келген Куралдуу күчтөрүнүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, аскер кызматкерин турак-жай менен камсыздоо боюнча мамлекет тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатканын белгиледи. Чек ара кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуунун арты менен аймактагы жана жалпы эле өлкөдөгү чек ара коопсуздугун жогорулатуу экендигин Раимберди Дүйшенбиев кошумчалады. 

Жыл аягына чейин дагы бир нече аскер кызматкерлери турак үйлүү болуу алдында турат. Жаынкы арада Талас жана Чүй облусундагы чек арачылар үчүн курулган батирлер тапшырылат.