Жаңылыктар
Быйыл залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси
Маданият
Быйыл залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси

Быйыл залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси.  Эпостогу эң көп каармандар Орозбаковдун вариантында кездешет. Манасчы элди 600дөн ашык каармандар менен тааныштырган. Ал Манас баатырдын Аккуласын жогорку көркөмдүүлүк менен сүрөттөгөн. 


Бүгүнкү күндө Сагымбай атабыздын улуу мурасынын учугу узарып, мамлекеттин буюртмасы менен томдуктары, энциклопедия сыяктуу эмгектери басылып чыгууда. Анын вариантын окуйбуз дегендердин да катары арбын. 


Быйыл залкар манасчынын 150 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат. Мааракеге карата Орозбаковдун оозеки чыгармачылыгы дагы терең изилденип, илимий иштер жакталып, көркөм эмгектер иштелүүдө.