Жаңылыктар
Лука Модрич 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды
Спорт
Лука Модрич 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды

«Реал Мадрид» футбол клубунун жана Хорватиянын жарым коргоочусу Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды.

Мыктыларды аныктоо боюнча уюштурулган FIFA Best 2018 иш-чарасы 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Лондон шаарында өттү. «Жылдын мыкты оюнчусу» наамына 10 футболчу талапкер болгон. Финалдык үчилтикке Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мохамед Салах кирген. Мыкты оюнчуну курама командалардын капитандары жана башкы машыктыруучулары аныктады. 

Лука Модрич 29,05% добуш алып, 1-орунду ээлесе, Роналду 19,08% добуш менен 2-орунду, Салах 11,23% добуш менен 3-орунду алды.

Эске сала кетсек, Лука Модрич мурда да УЕФА версиясы боюнча Роналду менен Салахты жеңип, «Европанын мыкты оюнчусу» деп табылган болчу.