Жаңылыктар
ИИМ кызматкерлери үйлүү болушту
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ кызматкерлери үйлүү болушту

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине көп батирлүү үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшыруу аземи Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында өткөрүлдү. Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында дагы ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери үчүн 13 батирлүү турак жайдын жана казарманын ачылышы болду.

Ага Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышып, президент Алмазбек Атамбаевдын атынан куттуктоо жолдоду. Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын башкы приоритеттеринин бири экендигин белгиледи.