Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде болду. Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алган Антониу Гутерриш - өлкө кыйын кырдаалды башынан кечирип жаткан учурда Кыргызстанга келип-кеткенин жана ошол учур артта калуу байкалган болсо, азыр мамлекет демократиялык өнүгүү жолунда бара жатканын белгиледи. 

Кыргызстан - региондо чоң роль ойногон кереметтүү өлкө, анда пейили кенен жакшы адамдар жашайт. Экинчи бир жагынан - демократия гүлдөп өнүккөн өлкө, мына ушул нерсе жүрөгүңдү ого бетер жылытат, - деп белгиледи Гутерриш. 

Президент Жээнбеков - 82 мамлекеттин башчыларынын жана 45 өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусу менен өтүп жаткан иш-чарада жумуш графиги абдан жыш болгонуна карабастан, жолугушууга убакыт тапкандыгы үчүн Антониу Гутерришке ыраазычылыгын айтты. 

Президент БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашып жаткан, 2022-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн алкагындагы актуалдуу долбоорлордун маанисин баса белгиледи. Анын алдына койгон максат-милдеттери быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына үндөшүп, келечекте өнүгүү жаатындагы мыкты натыйжаларга жетишүүнү көздөйт.

Мындан тышкары президент - Борбордук Азия аймагында радиациялык коркунучка жол бербөө үчүн уран калдыктары сакталган аймактарды рекультивациялоо боюнча, Кыргызстан көтөргөн демилгени эл аралык коомчулуктун эсине салды.

Сөзүнүн акырында Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке жолугушкандыгы жана жылуу аңгемелешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.