Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кабар таратты.
Ага ылайык, 25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алына элек же үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертишти.