Жаңылыктар
Америка Кошмо штаттарына кыргыз балы экспорттоло баштады
Экономика
Америка Кошмо штаттарына кыргыз балы экспорттоло баштады

Америка Кошмо штаттарына Кыргызстанда өндүрүлгөн, табигый таза бал экспорттоло баштады. Мындай маалыматты бал челекчилер кеңешинин төрагасы Казим Каракетов биздин каналга билдирди. 

Анын айтымында, АКШнын балчылар ассоциациясы менен сүйлөшүү жүрүп, жыйынтыгында быйыл Америкага карай жол ачылган. Эске салсак, азыр Кыргызстан балды 28 мамлекетке сатууда. 

Өлкөдө ден соолукка пайдасы арбын болгон табигый, ширин балдын курамын текшерип бере турган атайын эл аралык стандарттагы лабораториялар дагы иштеп баштады.