Жаңылыктар
Нью-Йоркто Чыңгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмө өттү
Маданият
Нью-Йоркто Чыңгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмө өттү

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Нью-Йоркто да белгиленди. 

Залкар жазуучунун бейнесин чагылдырган фотокөргөзмөгө Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчысы АКШга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн барган. 

Президент фотокөргөзмөнү ачып жатып Айтматовдун чыгармалары адилеттүүлүк менен гуманизмге чакыраарын белгиледи. 

Иш-чарага мамлекет башчысы менен бирге Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги, Нью-Йоркко чогулган ар башка өлкөлөрдүн дипломаттары да катышты.