Жаңылыктар
3-апрель геология тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнү
Кыргызстан жаңылыктары
3-апрель геология тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнү

3-апрель Кыргызстанда геология тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнү. Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев геология тармагынын кызматкерлерине куттуктоо жолдоп, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле өлкө башчы кесип ээлеринин өлкө экономикасы үчүн кошкон салымын баса белгилеп, эл арасында геологдордун эмгеги жогору бааланарын жана геолог кесиби ардактуу экенине токтолду. Кошумчалай кетсек 1995-жылы кыргыз өкмөтүнүн токтому менен 3-апрель Кыргызстанда геологдордун кесиптик күнү катары белгиленип келет.