Жаңылыктар
Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү
Саясат
Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында  сөз сүйлөдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышып, сөз сүйлөдү. 

Анда Мамлекет башчы - Кыргызстан тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча БУУнун жалпы иштерине өз салымын кошууга умтулууда, - деди. 

Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар. Бул орто мөөнөттүк болочокко карай алдыбызга амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берүүдө. Кыргызстан өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөп жатканын да Президент белгиледи. Биздин Уюм өзгөрүүлөргө муктаж, ал учурдун, азыркы реалдуулуктун талаптары.

Бул реформа универсалдуулук, кеңири географиялык камтуу принциптерине негизденип, БУУнун мүчө-мамлекеттеринин кеңири колдоосуна ээ болууга тийиш.

Кыргызстан тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча БУУнун жалпы иштерине өз салымын кошууга умтулууда, -деди Сооронбай Жээнбеков.