Жаңылыктар
ЕАЭБтин артыкчылыктарын жаштар билүүсү керек
Экономика
 ЕАЭБтин артыкчылыктарын жаштар билүүсү керек

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуу менен ээ болгон артыкчылыктары тууралуу өсүп келе жаткан жаш муун жакындан билүүгө тийиш. Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөсү, энергетика жана инфраструктура боюнча министр Данил Ибраев Борбор Азиядагы америкалык университеттин студенттерине лекция окуу учурунда билдирди. Анда негизинен Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусу менен жетишилген мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду. Маселен, энергетика, бизнес тармагындагы жылыштар тууралуу айтылды. Иш-чарада Ибраев уюмга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү унаа саясатын ишке ашыруу, евразиялык экономикалык интеграция менен Жибек жолунун экономикалык курун байланыштыруу демилгесин ишке ашыруу зарылчылыгы тууралуу айтып берди.