Жаңылыктар
Акыйкатчы кызматына Токон Мамытов шайланды
Саясат
Акыйкатчы кызматына Токон Мамытов шайланды

Парламент Акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Ага добуш берүүгө катышкан эл өкүлдөрүнүн жетимиш тогузу колдоо көрсөттү. Буга чейин 5 талапкер катталып, жыйындын жүрүшүндө алардын бири акыйкатчылыкка ат салышуудан баш тартты. 

Үч айдан бери бош турган кызматка 5 талапкер ат салышты. Социал-демократтар акыйкатчылыкка буга чейин Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп келген Токон Мамытовду, “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азизди көрсөткөн. Ал эми “Бир болчулар” бир талапкерге токтолгон эмес. 

Фракция укук коргоочу Рита Карасартованы, Башкы прокурордун мурдагы орун басары Рыскул Бактыбаевди көрсөткөн. “Бир бол” сунуштаган үчүнчү талапкер Маматурайым Момунов болсо шайлануудан өз эрки менен баш тартты. Бул кадамын атаандаштарынын арасында татыктуулар бар деп түшүндүрдү.