Жаңылыктар
С.Жээнбековдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары соңуна чыкты
Саясат
С.Жээнбековдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары соңуна чыкты

Ушул күндөрү өлкө башчысынын Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары соңуна чыкты. Президент Америка Кошмо штаттарында Башкы ассамблеянын 73- сессиясына катышуу менен бирге, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы менен жолугушуп, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун фотокөргөзмөсүнө катышты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарына 24-сентябрь күнү учуп барды. Нью-Йорк шаарында өлкө башчысы алгач Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейнесине арналган фотокөргөзмөнүн ачылышына катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматовго арналган фотокөргөзмөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында өтүп жатышын символикалуу деп баалады. Мамлекет башчысы залкардын чыгармалары ар башка өлкөдө жашаган ар бир муундун жүрөгүнөн түнөк тапканын белгиледи.