Жаңылыктар
КУУда шайыр тапкычтар арасында мелдеш өттү
Маданият
КУУда шайыр тапкычтар арасында мелдеш өттү

 Кечээ 1-апрель күлкү күнүнө карата, Кыргыз улуттук университетинде шайыр тапкычтар арасында мелдеш өттү. Жогорку окуу жайлар аралык күлкү шоусуна жалпысынан төрт команда катышты. Алар саламдашуу музыкалык номер жана тамашалуу суроо жооптор боюнча күч сынашты. Юмор жаатындагы тажрыйбалуу шайырлар иш чарага калыстык кылды. Иш чараны уюштуруучулардын айтымында шайыр тапкычтардын оюнун өткөрүүнүн негизги максаты жаштар арасында ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Анткени мындай оюндарга чогулган ар кайсы университеттин студенттери бири бири менен жакындан таанышууга, жана ынтымакташууга жакшы шарт түзүлөт дешет уюштуруучулар.