Жаңылыктар
Чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чек ара
Чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, документтерди текшергенде 1986-жылы туулган Казакстандын жараны кармалган. Ал чек арадан өтүү үчүн 1979-жылы туулган агасынын паспортуна өзүнүн сүрөтүн чаптап алган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.