Жаңылыктар
Баңгизат менен Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды
Кылмыш
Баңгизат менен Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды

Ири көлөмдөгү гашиш баңгизатын алып жүргөн аял кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей,  Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы базардын жанынан Ысык-Көл облусунун 55 жаштагы тургунун кармашкан. Аны текшерген учурда курткасынын ичинен брекеттелген 25 даана баңгизаты табылган. 

Алынган заттын жалпы салмагы 400 граммды түздү. Экспертизанын корутундусунан кийин кармалган зат гашиш баңгизаты болуп чыкты. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголду.