Жаңылыктар
Кара-Сууда эки чайкана өрттөндү
Кырсык
Кара-Сууда эки чайкана өрттөндү

Кара-Суу районунда эки чайканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Жийделик айылында жайгашкан «Сары-Челек» чайканасынын ашканасында 26-сентябрда саат 12:48 чамасында өрт чыгып, анда 1 плита күйгөн.

Ошондой эле, ушул эле күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан «Аскар» чайканасынан өрт чыгып, анын жер төлөөсүнүн 24 чарчы метр аянты, 4 стол, 6 отургуч жана 1 мектр куб отун күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.