Жаңылыктар
Каракол шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленди
Шайлоо 2023
Каракол шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленди

Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти. Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өтөт.

«Биз 4-октябрда саат 17:00гө чейин Каракол шаарынын мэри кызматына талапкерлердин тизмесин беришибиз керек. Учурда тизме жок, ал жакында белгилүү болот», - деп айтылат шаардык кеңештин билдирүүсүндө.