Жаңылыктар
Ысык-Көл форумунунун башталышына саналуу күндөр калды
Билим
Ысык-Көл форумунунун башталышына саналуу күндөр калды

Кыргызстан октябрь айынын башында дагы бир эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүү алдында турат. Ушул күндөрү дүйнөгө атагы тараган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов түптөп кеткен Ысык-Көл форумун уюштуруу иштери аяктап калды. Улуу жазуучунун мекенинде өтчү мааракеге 28 өлкөдөн 100дөн ашык белгилүү коомдук, маданий жана илимий ишмерлердин катыша турган болду. 

Ысык-Көл шеринесинин башталышына саналуу күндөр калды. Эл аралык форумду өткөрүү милдетин толугу менен Кыргызстан мойнуна алган. Ал үчүн келген коноктордун жол киресинен тарта бардык чыгымдарга жана мааракени өткөрүүгө деп казынадан 7 миллион сом каралган. Меймандар 3-4-октябрь күндөрү келишет.

“Бүгүнкү күндө даярдыктар жакшы, президенттин аппараты, өкмөт болуп жалпы аракет кылып атабыз. Келчү коноктордун билеттери берилген, күтүп атабыз. Айтматовдун билген адамдар, Түрксой, ЮНЕСКО өкүлү, Монголиянын экс-президенти келиши күтүлүүдө”,- деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева.  

5-октябрь күнү форумдун катышуучулары “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барып Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшат. Эртеси Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда маараке расмий түрдө башталып, калган бөлүгү 6-7-октябрь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде өтмөкчү. “Рух-Ордо” маданий комплексинде форум 3 секцияга бөлүнүп, ар кыл теманын айланасындагы ой толгоолор айтылат. 

Союз гүлдөп турган, 1986-жылы Чыңгыз Айтматов баштап кеткен саамалык ортодон 3 өлкөдө уюшулуп, демилгени кайрадан Кыргызстан колго алып отурат. Бул жакшы жөрөлгө дейт Эл жазуучу Кеңеш Жусупов. 

Бул форум СССР доорунда дүйнө жүзүндө биринчи жолу Чыгыш менен Батыштын эң көрүнүктүү жана таасирдүү адамдардын башын бириктириши менен зор мааниге ээ болгон. Азыркы ааламдашуу доорунда дагы Кыргызстан улуу ойчулдарды бир жерге чогултканы турат.