Жаңылыктар
Урмат Калайбеков: келечекте тай бокстан Дүйнө чемпиону болгум келет
Спорт
Урмат Калайбеков: келечекте тай бокстан Дүйнө чемпиону болгум келет

Муай тайдын WMF версиясы боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Мелдешке Бишкек шаары, Чүй областы, Ысык-Көл жана Өзбекстандан жалпы 150 спортчу катышты. Ийгилик жараткандар 2019-жылы Өзбекстанда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ал жака жолдомо алгандардын арасында Урмат Калайбеков да бар. 48 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргыз балбаны 1-орунду ээлеген. Анын айтуусунда, 1-орунду багындыруу оңойго турган жок.

"Спортто ийгилик жаратуу үчүн көп машыгып, талыкпай эмгектенүү зарыл. Машыктыруучу Игорь Алмакеевге да ыраазычылык билдиргим келет. Билген нерсесин аянбай бизге үйрөтүп, жеңишибизге жан үрөп кубанат. Келечекте чет өлкөгө чыгып, кыргыз желегин желбиретким келет. Мен үчүн мындан өткөн кубаныч жок" - дейт Урмат Калайбеков.

Сүрөт Урмат Калайбековго таандык, телефонго тартылган: