Жаңылыктар
Кореядагы элчи К. Султанов боюнча жагдайды обьективдүү иликтөө тапшырмасы берилди
Саясат
Кореядагы элчи К. Султанов боюнча жагдайды обьективдүү иликтөө тапшырмасы берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдун билдирүүлөрүн жана ал тарабынан кетирген катачылыктарга байланыштуу элчини кызматынан бошотуу тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды тактоо боюнча тапшырма берди. 

Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал - дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда тартип маселесин жөнгө салуу керектигин айгинелеп койду. 

Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир айтылган фактыны жана жүйөнү объективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар мамлекет башчысына берилет.