60 жыл бирге! Кыргыз телерадиоберүүсүнүн ардагери, КТРКнын отличниги Шаймерден Керимбаев жубайы Шакен Ниязалиева менен үйлөнгөнүнө 60 жыл толду. Алар жакын санаалаш адамдарынын курчоосунда бриллиант тоюн өткөрүштү.
Шаймерден Керимбаев менен Шакен Ниязалиева тапкан ырыскысын тең бөлүп жеп, жарым кылымдан ашык убакыт ынтымакта өмүр сүрүштү.
Көпчүлүккө үлгү болгон үй-бүлө бакыт өргүүсүнө келип, ардактуу мааракелик китебине кол коюшту.
Маараке ээлери жаңы баш кошуп жаткандагы үлпөт тоюнун бактылуу көз ирмемдерин кайрадан эске салышты. Алардын үй-бүлөсүндөгү бекем ынтымактын себеби - ортодогу таза сүйүү жана бири-бирине болгон чоң ишеним болду дейт Керимбаев.
Азыр Шаймерден Керимбаев 89 жашта, ал эми зайыбы Шакен Ниязалиева 88ге кадам койду. Беш баланы тарбиялап өстүрүп, 15 небере күтүп, 13 чөбөрөнү эркелеткен бактылуу чоң ата, чоң апасы.
Шаймерден Керимбаев кыргыз телерадиоберүүсүнүн ардагери, КТРКнын отличниги. Бул наамга татыктуу болуш үчүн ал бул тармакта эбегейсиз мээнет кылып, чоң эмгек жасаган. 44 жашында Телевидение жана радиоуктуруу мамлекеттик комитетинде башкы редактор кызматына дайындалган. Кыргыз телесин түптөгөндөрдүн бири деп ишенимдүү айтсак болот.