Жаңылыктар
Туризм кызматкерлери кесиптик майрамында айлана-чөйрөнү тазалоо менен өткөрүштү
Туризм
Туризм кызматкерлери кесиптик майрамында айлана-чөйрөнү тазалоо менен өткөрүштү

Жыл сайын жарым миллиардга жакын адам дүйнө кыдырат. Саякатчылар тарыхый баалуу жайларга барып, жаратылыштын кооздугуна суктанышат. Туристтердин калтырган каражаты бир топ мамлекеттерде экономиканын пайдубалы катары эсептелет. Ушундан улам да өлкөлөр арасында туристтерди тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу боюнча атаандаштык күч. 


Туризмди даңазалоо, анын дүйнө коомчулугунун экономикага кошкон салымын баса белгилөө жана түрдүү мамлекеттер ортосундагы байланышты өнүктүрүү максатында дүйнөлүк туризм уюмунун башкы ассамблеясы 27-сентябрды эл аралык туризм күнү деп белгилөө чечимин кабыл алган. Кыргызстандык кесип ээлери майрамды өзгөчө белгилешти.

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү кенен. Жылдын кайсыл мезгили болбосун чет элдиктерди кызыктырып, суктантууга жети дубандын тең кооз табияты жетиштүү. 

Өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн чет жерлерде жарнамалоо, тармакты өнүктүрүүгө жасалып жаткан аракеттердин акыбети кайтып, жыл сайын Кыргызстанга суктанып, келгендердин санын артууда. Турфирмалардын саны көбөйүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, жогорку класстагы мейманкалар да ачылууда. Бирок мүмкүнчүлүктү кенен пайдаланып, тармакты өнүктүрүүдө дагы да жасай турган иштер көп экенин адистер белгилешет.