Жаңылыктар
Кыргызстан жүрөк оорусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат
Ден соолук
Кыргызстан жүрөк оорусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат

29-сентябрда дүйнө жүзү боюнча жүрөк күнү белгиленет. Бул дата Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы тарабынан 1999-жылы кабыл алынган. Кыргызстан жүрөк оорусу боюнча дүйнөдө 6-орунда туруп, жашарып бара жаткандыктан, бул көйгөйгө жергебизде зор көңүл бурулууда.


Кан басымдын жогору болушу- көп оорулардын башаты. Эгерде кан басымы 140-90дон жогору болуп кетсе анда гипертониялык ооруларга дуушар болгон болот. Көп кыймылдабай бир орунда иштей берсе жеген тамак менен энергияны сарптоо пропорциясы бузулат. Мындан улам жүрөк оорулары менен кант оорусу көбөйүүдө.Мурда адамдар оору өтүшүп кеткенге чейин жүрө берсе, эми болсо дарыгерлерге убагында кайрылгандардын саны арбыган.

Статистика боюнча 100 миң адамдын ичинен 1 миң адамга жүрөктөн операция жасалышы керек болсо, Кыргызстанда 6-7 миң адамга операция жасалат. Мына ушул жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан Кыргызстанда жылына 18 миң адам көз жумат.

Дарыгерлердин айтымында , бул оору жылдан-жылга жашарып, жаштар арасында да жүрөгү ооругандар көбөйүүдө. Буга негизинен алардын сергек жашоонун нугуна түшпөй, чылым чегүү сыяктуу зыяндуу иштер менен алек болгондугу себеп болууда.