Жаңылыктар
Чакан футбол талааларын курууда Кыргызстан алгачкы флагман өлкө
Спорт
Чакан футбол талааларын курууда Кыргызстан алгачкы флагман өлкө

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Азия футбол конфедерациясынын башчысы, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту. Өкмөт башчы "Футбол бул жөн эле спорттун түрү эмес, спорттун ушул түрү менен алектенген миллиондогон адамдардын жашоо образы. Биздин республикада футбол популярдуулукка ээ болуу менен миңдеген адамды катарына кошууда", - деди. 

"Кыргыз футболунун тарыхындагы башкы жетишкендиктердин бири - 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна футбол боюнча Улуттук курама команданын биринчи жолу катышуусу. Тандоо баскычы канчалык оор болгонун баарыбыз билебиз, бирок буга карабастан, биздин спортчулар алдыдагы Азия Кубогуна жолдомо алышты. Өкмөт спорттун командалык түрлөрүн, биринчи кезекте футболду, мындан ары да колдой бермекчи", - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Азия футбол конфедерациясынын башчысы, биз башка мамлекеттердин жетекчилери менен футболду өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүп жатканда мен, объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бул багытта эң зор жыйынтыктарга жетишип жаткан Кыргызстанды дайыма мисалга келтирем деди. Биз Кыргызстанда бир катар долбоорлорду, анын ичинде чакан футбол талааларын курууну ишке ашырдык. Бул долбоордо Кыргызстан эң алгачкы, флагман өлкө болду. Биз Кыргызстанда долбоорлорду колдоону жана жүзөгө ашырууну мындан ары да улантууну пландаштырып жатабыз», - деди. Абылгазиев өз кезегинде бул багытта өкмөт тараптан тиешелүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.