Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелери боюнча кызматташуу күч алат
Саясат
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелери боюнча кызматташуу күч алат

Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына барды. Аэропортто мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимов тосуп алды. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында уюмдун азыркы ишмердигинин маселелери, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун келечеги талкууланат. Саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу болжолдонууда.

Душанбе шаарында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонго жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин алкагында кайрадан жолугуп жатканына жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганга кубанычта экендигин белгиледи. 

"Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун потенциалын арттырууга жана элдерибиздин ортосунда достукту бекемдөөгө чечкиндүү турабыз", -деп белгиледи. 

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон биргелешип күч аракет жумшап, бардык багыттар боюнча кызматташууну улантууга жалпы даяр экендигин белгилешти. Эки мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин, анын ичинде канатташ чек ара маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти. Сооронбай Жээнбеков Тажикстан элин жана президент Эмомали Рахмонду Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы менен куттуктады.