Жаңылыктар
“Түнкү кырсык” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт
Маданият
“Түнкү кырсык” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт

Режиссёр Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Оскар” комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сыйлыкка катышуу үчүн "Түнкү кырсык" жана "Дарак ыры" тасмалары каралып, жыйынтыгында Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы көп добушка ээ болгон. Эми Лос-Анжелестеги Америка киноакадемиясы сунушту кабыл алса, тасма “Мыкты чет элдик кино” номинациясында ат салышууга мүмкүнчүлүк алат. 

Белгилей кетсек, "Оскар" - кино жаатындагы мыктыларды аныктаган америкалыктардын улуттук сыйлыгы. Анда "Эң мыкты чет элдик тасма" наамы да көрсөтүлгөндүктөн, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү өз тасмаларын катыштыруу үчүн кат жолдошот.