Жаңылыктар
КМШ: Кызматташтык гуманитардык жана уюмдун укуктук базасын өнүктүрүүгө багытталат
Саясат
КМШ: Кызматташтык гуманитардык жана уюмдун укуктук базасын өнүктүрүүгө багытталат


 

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөр алдыдагы эки жылда гуманитардык багыттагы кызматташтыкка жана уюмдун укуктук базасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Мындай чечим КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Тажикстанда өткөн жыйынында кабыл алынды. Анын алкагында 2020-жылга чейин 140тан ашык иш-чара өткөрүлүп,теңинен көбү маданият жаатына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөгө багытталмакчы. Жыйында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзүнчө маселе катары каралып, бул боюнча президенттердин атайын билдирүүсү кабыл алынды. 

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бул жолу Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө чогулуп отурушат. Ортого салына турган маселе - мамлекеттер ортосундагы өз ара алакадан тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги кызматташтык, анын алкагында жасала турган жумуштар. Кыргызстан күн тартибиндеги негизги маселелерден сырткары залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү кабыл алуу боюнча эки суроону алып чыкты.
Тажикстанда кезектеги жыйынга жогорку деңгээлде даярдык көрүлгөн. Мамлекет башчылары Дүйшөмбүгө 27-сентябрда келишти. Учактан түшкөндө эле эл аралык аэропортто илинген Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүрөтүнө көңүл бурулду. Бул да болсо коңшу өлкө Кыргызстан менен болгон мамилеге терең маани берерин билдирип турат. Саммитке Кыргызстандын президентинен сырткары Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжан, Молдова жана Беларустун президенттери, Армениянын премьер министри, Түркмөнстандан вице-премьер министр келген. Ал эми Украина жыйынга катышкан жок.
Уюмга быйыл Тажикстан төрагалык кылууда. Эмомали Рахмон Кохи Сомон сарайында мамлекет башчыларын жеке тосуп алып, андан соң биргелешип сүрөткө түшүштү. Айтмакчы Сооронбай Жээнбеков КМШга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына президент катары биринчи жолу катышып жатат. Ошого карабастан өлкө башчысы көтөрө турган бир катар олуттуу маселер бар. Алды менен лидерлер тар чөйрөдөгү жыйынга чогулушуп, аны Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ачты.

"Тар курмадагы жыйын бир сааттан ашык созулду, мамлекет башчыларынын ар бири сөз сүйлөп, андан соң лидерлер кеңири курамдагы жыйынга чогулушту. Күн тартибине кирген маселелердин өзөгүн өлкөлөр ортосундагы саясий, маданий-гуманитардык кызматташуу жана коопсуздук тармагындагы көйгөйлөр түздү", -деди Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон.

"Алдыдагы басым жасала турчу тармактар гуманитардык багыттагы кызматташтык, анын алкагында 2020-жылга чейин 140тан ашык иш-чара өткөрүлүп, теңинен көбү маданият жаатына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына жогорку деңгээлде даярдык көрүп жана белгилөөгө багытталмакчы"
,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков.  

Мындан сырткары, КМШнын укуктук базасын өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт багытындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Лидерлер экономика, коопсуздук, саясий кызматташтык жана эл аралык маанидеги бар катар маселелерди көтөрүштү. Кыргыз тараптын демилгеси менен залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү кабыл алуу боюнча эки маселе каралды. 

Билдирүүдө дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошуп, жалпы адамзаттын баалуулуктарын сактоого, өсүп келе жаткан муунга тарбия берүүгө жана толеранттуулук, мекенчилдик, улуттар аралык мамилелерди жөнгө салууга, башка элдердин маданиятын, тилин, тарыхын жана каада-салтын урматтоого мааниси чоң экени белгиленди. Ал эми жазуучу, философ жана гуманист Чынгыз Айтматовдун басып өткөн жолу, анын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы жана ролуна терең маани берилди.

Саммиттин жыйынтыгы менен жалпы 12 документ кабыл алынды. Алар КМШнын укуктук базасын өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт багытындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча. Дагы бир чечим 2021-жылды КМШда архитектура жана шаар куруу жылы деп, ал эми Дүйшөмбү шаарын уюмдун маданий борбору катары жарыялоо тууралуу болду. Жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу билдирүүгө мамлекет башчыларынын ар бири кол тамгаларын басып, алдыдагы эки жылда аткарыла турган негизги иштердин жыйындысы аныкталды. Жыйында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна төрагалык кылуу Тажикстандан Түркмөнстанга өткөрүлүп берилди. Лидерлер уюмдун буга чейинки ишин канаттандыраарлык деп баалашты.