Жаңылыктар
Тажикстанда КМШ мамлекет башчыларынын саммити жыйынтыкталды
Саясат
Тажикстанда КМШ мамлекет башчыларынын саммити жыйынтыкталды

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөр алдыдагы эки жылда гуманитардык багыттагы кызматташтыкка жана уюмдун укуктук базасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Мындай чечим КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Тажикстанда өткөн жыйынында кабыл алынды. 

Анын алкагында 2020-жылга чейин 140тан ашык иш-чара өткөрүлүп,теңинен көбү маданият жаатына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөгө багытталмакчы. Жыйында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзүнчө маселе катары каралып, бул боюнча президенттердин атайын билдирүүсү кабыл алынды.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бул жолу Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө чогулуп отурушат. Ортого салына турган маселе - мамлекеттер ортосундагы өз ара алакадан тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги кызматташтык, анын алкагында жасала турган жумуштар. Кыргызстан күн тартибиндеги негизги маселелерден сырткары залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү кабыл алуу боюнча эки суроону алып чыкты.

Тажикстанда кезектеги жыйынга жогорку деңгээлде даярдык көрүлгөн. Мамлекет башчылары Дүйшөмбүгө 27-сентябрда келишти. Учактан түшкөндө эле эл аралык аэропортто илинген Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүрөтүнө көңүл бурулду. Бул да болсо коңшу өлкө Кыргызтан менен болгон мамилеге терең маани берерин билдирип турат. Саммитке Кыргызстандын президентинен сырткары Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжан, Молдова жана Беларустун президенттери, Армениянын премьер министри, Түркмөнстандан вице-премьер-министр келген.

Уюмга быйыл Тажикстан төрагалык кылууда. Эмомали Рахмон Кохи Сомон сарайында мамлекет башчыларын жеке тосуп алып, андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү болду. Аймакчы Сооронбай Жээнбеков КМШга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына президент катары биринчи жолу катышып жатат. Ошого карабастан өлкө башчысы көтөрө турган бир катар олуттуу маселер бар. Алды менен лидерлер тар чөйрөдөгү жыйынга чогулушуп, аны Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ачты.