Жаңылыктар
Чек арачылардын чектен чыккан аракети ашкереленди
Кылмыш
Чек арачылардын чектен чыккан аракети ашкереленди

Кыргызстандын атайын кызматтары шектүү адамдарга жасалма документтерди камдап, чет өлкөгө чыгышына жардам берген деген шек менен чек ара кызматкерлерин кармады. УКМКнын берген маалыматында алар жең ичинен акча алып, шектүү кишилердин документтерине "чек арадан мыйзамдуу өттү" деген мөөр басып берип турушкан. Жасалма документ алган жарандар террордук топтордун азгырыгына илинип, чет өлкөдөгү согуш жүрүп жаткан аймактарга бармак болушкан.

Бул кармалган жаран Кыргызстанга мыйзамсыз киргени аз келгенсип, башка мамлекетке жасалма документ менен өтүп кетүүгө аракет кылган.

“Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн адам менен сүйлөштүм. Ал мага Илхом аттуу бала жардам берерин айтты. Мен чек ара аркылуу Ферганадан кирип, андан соң Нурик деген бала менен документтерди тууралап мөөр бастыруу үчүн Манас аэропортуна бардык. Ал жактан өзүн Марс деп тааныштырган бала мага чек арадан өтүү үчүн документтеримди тууралап, мөөр бастырып берди”.

“Чек арадан мыйзамдуу түрдө өттү” деген жасалма мөөрдү дал ушул кызматкер басып берген.

Паспортуна штамп бастыртып алган жаран Түркияга кетүүнү эмес, бир гана кыргыз-казак чек арасын кесип өтүп кетүүнү көздөгөн. Ал жерде анын жардамчылары күтүп турган эле.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, бул сапар алардын планы ишке ашпай калган.

Ыкчам иликтөө иштердин алкагында бул сыяктуу 7 факты аныкталган. Дагы ондон ашык учур текшерилип жатат. Кармалган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.