Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолукту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен КМШ мамлекет башчылар кеңешинин саммиттинин алкагында жолукту. Анда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүүгө, бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Россия - Кыргызстандын экономикасындагы негизги инвесторлордун бири болуп, экономикалык өнөктөштөрдүн арасында биринчи орунда турганына токтолду. Эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасы жакшырганы байкалууда. Өз кезегинде, Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканына жана Саммиттин алкагында эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанганын билдирди.