Жаңылыктар
Тажикстан сапарынын жыйынтыгы
Саясат
Тажикстан сапарынын жыйынтыгы

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөр Евразия экономикалык биримдигинин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында дагы кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Тажикстандын борбору Душанбеде өткөн саммитте сүйлөшүштү. Мамлекет башчыларынын жыйына президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, анын алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына 27-сентябрда келди. Иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышты. Эмомали Рахмон өкмөттүк резиденцияда президенттерди жеке тосуп алып, лидерлер тар жана кеңири курамдагы жыйынга чогулушту. Саммиттин жыйынтыгы менен 16 чечим жана бир катар билдирүүлөр кабыл алынды. 

27-сентбрда президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушту. Өлкө башчылары кыргыз-тажик мамилелерин артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун потенциалын арттыруу тууралуу сүйлөшүштү. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин, анын ичинде канатташ чек ара маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти. 

Саммиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Валдимир Путин менен да жолугушту. Лидерлер Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканына жана Саммиттин алкагында эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанганын билдирди. 

Президенттер эки тараптуу жолугушуу кызматташтыктын күн тартибинде турган маселелерди алдыга жылдырууга сезилерлик мүмкүнчүлүк берерин белгилешти. Сезилерлик жылыштар КМШнын алкагындагы алакада да бар. Уюмга мүчө мамлекет башчылары бул жолу шериктештиктин мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо, соода экономикалык, энергетика, транспорт жана коммуникация, маданий гуманитардык кызматташтыкка терең маани беришип, бул багытта жасала турган жумуштардын жыйындысын аныкташты.