Жаңылыктар
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу
Билим
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу

Токмок шаары келечекте жаштарды билимге сугарчу академиялык шаарга айланат. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 10 жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азиядагы Эл аралык Университети заманбап окуу жайдын курулушуна карата капсула түптөдү. Бул жол аркылуу университет аймактарда жашаган келечек муун өкүлдөрүнө эл аралык талапка жооп берчү, сапаттуу билим берүү аракетин жасоодо. Капсула салуу иш-чарага президенттик аппараттан, билим берүү министрлигинен өкүлдөр жана АКШ элчисинин орун басары, чет элдиктер катышты.

Келечек ээлерине жакшы каалоо-тилек айтылган капсула салтанаттуу түрдө салынды. Ичиндеги жазуу эми 2028-жылы ачылып окулат. Долбоорго ылайык, ага чейин бул турган ээн талаа, дүркүрөп өскөн заңгыраган билим ордосуна айланмакчы. Токмок шаарында 10 жыл мурун ачылган Эл аралык Университет окуу имараттын кеңейтип, аймактардагы жаштарга шарт түзүп берүү максатында академиялык шаар курууну демилгесин колго алган. 

Токмок шаарындагы Борбор Азиядагы Эл аралык университет 2008-жылы ачылган. Мында студенттер 8 академиялык программа боюнча : юрист, бизнес, маалымат технология, тилчи, эл аралык мамилелер ушул өңдүү кесиптерге ээ болуп чыгышат. 

Аймактарда мындай билим ордосунун кеңейип жатышы жергиликтүү калкка ыңгайлуу. Анткени жаштар борборго агылбай, жакын турган окуу жайдан билим алууга болот. Бүгүнкү күндө университетте жарым миңдей студент окуса, алдыңкы жылдары бул көрсөткүч кыйла көбөймөкчү.

Аймактардагы билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында университет өлкөнүн түштүк тарабы, Фергана өрөөнү болгон Ош облусунун Мады айылында эл аралык билим берүү комплексин курууну демилге кылууда.