Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы саясатындагы кадамдар күн санап арыш алууда
Саясат
Өлкөнүн тышкы саясатындагы кадамдар күн санап арыш алууда

Жыл сайын сентябрь айынын соңунда дүйнө мамлекеттеринин лидерлери АКШнын Нью-Йорк шаарына чогулуп, жалпы адамзаттын жашоосуна тиешелүү болгон көйгөйлөрдү талкуулашат. 

Алар климаттын өзгөрүүсү, дүйнөдөгү коопсуздук маселеси, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү, мыйзамсыз баңгизат айлантуу, курал жарак сатуу, мындан сырткары адам укуктарын коргоо жаатында бир катар олуттуу маселелер көтөрүлөт. 

Мына ушул жыйын, Башкы ассамблеянын 73-сессиясы быйыл 25-сентябрда башталып, ага 120дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Башкы ассамблеянын жалпы жыйындарына президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Ал абройлуу уюмдун жыйынына президент катары биринчи жолу катышып жатат. 

Өлкө башчысы БУУнун трибунасында мамлекеттин алдында турган маселелерден тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөйлөргө чейин токтолду. Абдан олуттуу деп эсептелген, Фергана өрөнүндөгү уран калдыктарынан арылуу, аларды зыянсыздандыруу маселесин көтөрдү.