Жаңылыктар
Кыйырга тараган кыргыз балы
Айыл чарба
Кыйырга тараган кыргыз балы

Кыргызстандан коңшу жана алыскы мамлекеттерге башка айыл чарба азыктары менен бирге эле балды экпорттоонун көлөмү көбөйүүдө. Кыргыз балы айрыкча Евразия экономикалык биримдигинин аймагында жана Европанын базарларында популярдуу болууда. 

Акыркы бир нече жылдан бери эл аралык көргөзмөлөрдө сапатынын мыктылыгы жагынан алдыңкы орундарды ээлеп келаткан кыргыз балына дүйнөлүк коомчулуктун суроо-талабы өсүп жатат.

Кыргыз балы чет мамлекеттерге расмий экспорттолот. Мындан сырткары өлкөгө келип кеткен туристтер аркылуу, мындан сырткары соодагерлер аркылуу чет мамлекеттерге чыгарылат. Биздин бал бир катар дүйнөлүк деңгээлдеги жарманкелерде коюлуп, сапаты жагынан мыкты деген бааларга татыган. 

Кыргызстанда жылына 10 тоннадан ашык бал өндүрүлөт, өлкөнүн бардык облустарында жылына 2-3 ирет бал алуу мүмкүнчүлүгү бар.