Жаңылыктар
Индонезиядагы цунами сегиз жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Индонезиядагы цунами сегиз жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Индонезияда эки жолу жердин силкинүүсүнөн кийинки цунами 800дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Жаратылыш кырсыгынан ажал тапкандардын жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени болжолдонууда. 

Цунами Сулавеси аралындагы Палу шаарын каптап, көптөгөн имараттарды жарактан чыгарды. Учурда шаардын аэропорту учактарды кабыл албай жаткандыктан жабыр тарткандарга жардам тик учак менен гана жеткирилип жатат. 

Учурда алыскы аймактардан жабыркагандар тууралуу маалыматтар келе элек. Палу шаарында талкаланган имараттардын алдында ондогон адамдар калышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар жараат алып, 10 миң деген адам үй-жайынан ажырады.