Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды
Айыл чарба
Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды

Жалал-Абад облусунун райондорунда пахта терими кызыды. Бүгүнкү күнгө чейин 4576 гектар аянттагы ак була жыйналып алынды. Бул жалпы пахта аянтынын 36 пайызын түзөт. 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда түшүмдүүлүк жогору болушу күтүлүүдө. Облуста пахтаны кабыл алып, кайра иштеткен 17 завод иштейт. Алар терилген ак буланы кабыл алууну башташты.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"