Жаңылыктар
Токмок шаары келечекте жаштарды билимге байыткан академиялык шаарга айланат
Билим
Токмок шаары келечекте жаштарды билимге байыткан академиялык шаарга айланат

Токмок шаары келечекте жаштарды билимге сугарчу академиялык шаарга айланат. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 10 жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азиядагы Эл аралык Университети заманбап окуу жайдын курулушуна карата капсула түптөдү.


Келечек ээлерине жакшы каалоо-тилек айтылган капсула салтанаттуу түрдө салынды. Ичиндеги жазуу эми 2028-жылы ачылып окулат. Долбоорго ылайык, ага чейин бул турган ээн талаа, дүркүрөп өскөн заңгыраган билим ордосуна айланмакчы. 

Токмок шаарында 10 жыл мурун ачылган Эл аралык Университет окуу имараттын кеңейтип, аймактардагы жаштарга шарт түзүп берүү максатында академиялык шаар курууну демилгесин колго алган.

Токмок шаарындагы Борбор Азиядагы Эл аралык университет 2008-жылы ачылган. Мында студенттер 8 академиялык программа боюнча : юрист, бизнес, маалымат технология, тилчи, эл аралык мамилелер ушул өңдүү кесиптерге ээ болуп чыгышат.