Жаңылыктар
Унгар-Тоодогу станция ордунда калтырылат
Саясат
 Унгар-Тоодогу станция ордунда калтырылат

Аксыдагы  Ителги чокусуна жаңы  радиорилейлик станция  курулуп,  мурдагы  Унгар- Тоодогу станция ордунда калтырылат. Мындай  чечим  Кербен шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынды.   Кыргыз өкмөтү  жаңы станцияны курууга 50 миллион сом бөлдү  жана аны жыл аягына чейин бүткөрүү пландаштырылууда.

"Кербен-24" телерадио мунарасы менен бирге иштей турган станция үчүн жер бөлүндү.  Ал  Бозбу-Тоо тоосунун Ителги чокусуна курула турган  болду.  Ал эми Унгар-Тоодогу  станция   мурдагыдай эле иштей берет.  Бул тууралуу “Биринчи радиого” Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы  Назира Ахмедова  билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга өкмөттүк аппаратка таандык протоколдун жасалма көчүрмөсү чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоо Өзбекстанга  таандык деген жалган маалыматтар жарыяланган.  Мындан улам "Кербен" телемунарасы башка жерге көчүрүлөт деген маалымат айтылган.  Бирок, өкмөттүн аппараты бул аракеттер саясий упай топтоо максатын көздөгөнүн жана премьер-министр мындай документке кол койбогонун билдирди.  Мындан мурда  да  аталган аймакты Өзбекстанга  таандык деген токтомго премьер-министр кол койбогондугун   өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова тастыктаган болучу.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети  бул  маселени   башкы прокуратура иликтесин деген  тапшырма берген . Бул маселеде  өкмөттүн чек ара иштери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров Унгар -Тоо турган аймакты берүү эмес, ал жерге станцияларды куруу үчүн кошумча жер бөлүү боюнча протокол түзүлгөнүн айткан.   Мындан кийин  Парламент  Унгар-Тоо  боюнча   маселени  жабык эшик артында карады.

Аксы  районунда Унгар-Тоодогу станция 150 миңге жакын жашоочуну телефон байланышы жана телеберүү менен камсыздайт.  Ал  Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын батыш бөлүгүндө жайгашкан.

Г.Усенова, Биринчи радио