Жаңылыктар
Ошто учууга камынып жаткан учактын дөңгөлөгү жарылды
Кырсык
Ошто учууга камынып жаткан учактын дөңгөлөгү жарылды

Ош - Москва каттамына учууга камынып жатып, учуу тилкесинде дөңгөлөгү жарылган учактын жагдайын атайын комиссия иликтейт. Учурда Жарандык авиация агенттигинин адистери Ошко учуп кетишти. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев кабарлады. 

Эске салсак, 30-сентябрда эртең менен "Ош" аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан Boeing 737 учагынын дөңгөлөгү жарылып, каттам жылдырылган. Самолёт “AviaTraffic” компаниясына таандык болгон. Окуя учуу тилкесинде болгонун, бирок, кырсыктан жабыркан адамдар жоктугун каттамды аткарган “AviaTraffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров маалымдады. Анын айтымында, учурда себептерин комиссия иликтеп, текшерип жатат. Учак учуу тилкесинде баратканда дөңгөлөгүнө ал жерден майда темир-тезек түштүбү, же жели чыктыбы ал белгисиз. Дөңгөлөк жарылса, учактын жалпы абалына тиешеси жок. Ал учак үч ай мурда эле техникалык кароодон өткөн, - деди ал. 

Маалымдалгандай, жүргүнчүлөр кечке маал, тогуз сааттан кийин гана Москвага учуп кетишкен.