Жаңылыктар
С. Жээнбеков: "Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек"
Кыргызстан жаңылыктары
 С. Жээнбеков: "Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек"

1-Октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ушул тапта Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 5412 сомду түзөт. Бул тууралуу өлкөнүн Социалдык фонду билдирди. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму өздүк булактарынын изилдөөлөрүнө таянсак, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт. 

Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, куттуктоо  сөздөрүн жолдоду.  

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Ардактуу аталар жана энелер! Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улууларын сыйлоону, өткөнүн унутпай, тарыхын урматтоону - кутман элибиз жаркын келечекти жаратуунун негизги өбөлгөсү катары баалап келген. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат. Бабалардын көөнөргүс каада-салты урпактарга жетет, келечекке көрөңгү болуп берет.
Сиздер Улуу Ата Мекендик согушта душманды жеңип, тылда эмгектин эрдигин жаратып, кийин ак ниет эмгек менен чарбаны өнүктүрүп, мамлекетибиздин байманасын арттырдыңыздар. Жалындуу жаштык кайратын, бүт өмүрүн өз мекенине арнаган улуу муунга камкордук көрүү - мамлекеттин түздөн-түз милдети. Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Сиздердин өрнөктүү өмүр жолуңуздар, бай тажрыйбаңыздар жана акыл-насаатыңыздар - Кыргызстандын баа жеткис байлыгы.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу аталар жана энелер!
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!»
,- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"