Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Индонезия президентине көңүл айтты
Дүйнө
Сооронбай Жээнбеков Индонезия президентине көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу, Индонезия Республикасынын президенти Джоко Видодого көнүл айтты.

“Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыгына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин каалайм”, - деп белгиленет мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, жума күнү эртең менен Сулавеси аралында Палу шаарынан анча алыс эмес жерде магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болуп, бир аздан кийин кайтадан магнитудасы 7,4кө жеткен жер титиреген. Анын кесепетинен Палу шаарын күтүлбөгөн жерден бийиктиги 2 метрге жеткен цунами каптаган.

Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1200 кишиге жеткенин чет элдик басылмалар жазып чыкты. Кечээ күнү курман болгондордун саны 800дөн ашканы айтылган болчу.   Азыркы тапта 10 миңдеген адамдар үй-жайынан ажыраса, 2 миллиондон ашык киши гуманитардык жардамга муктаж.