Жаңылыктар
"Диссернет" коому илимдеги плагиятты аныктоону улантат
Билим
"Диссернет" коому илимдеги плагиятты аныктоону улантат

Академиялык коомчулукту илимий даражалардын сатылышынан тазалоо зарыл. Мындай максат менен иш алып барган Орусиянын «Диссернет» коому 2018-жылы өз жумушунун географиясын кеңейтүүнү чечип, Тажикстан менен Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштаган. Илимий ишинде плагиаттын издери табылган биринчи кыргыз аткаминери Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болуп калды. Анын диссертациясындагы 181 беттин ичинен 140 бетте ачык эле көчүрмө аныкталган. Кээ бир жерлерде плагиат тексттин бүтүндөй беттерин камтыган. Мындан сырткары кыргыз окумуштууларынын арасынан ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Эркинбек Алымбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекова жана башкалар бар.

""Диссернет" коому 2013-жылдан тарта илимий иштердеги плагиаттарды издеп келет. Биздин уюм көптөгөн учурда плагиатка деле тушукпайт. Бирок биздин изилдөөлөргө ылайык тилекке каршы окумуштуу делген адамдар жөн гана чоочун бирөөлөрдүн ишин өзүнө оодарып, мукаба барактарын гана алмаштырып жабыштырып алышат”,- деди  “Диссернет” коомунун теңтүзүүчүсү Андрей Заякин.