Жаңылыктар
Т.Сарыбашов: "Ата-энесин карылар үйүнө өткөргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек"
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Сарыбашов: "Ата-энесин карылар үйүнө өткөргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек"

Ош шаарынын мэриясынан диришкендей, жылына жергиликтүү бюджеттен “Боорукердик” үй интернатына 7,5 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилет. Жалпысынан 23 кары-картаңдар жашап, 28 өспүрүм тарбияланып келет. Бөлүнгөн акча каражаты алардын тамак ашына, ден сооугуна кам көрүү багытына жумшалат. Мындан тышкары, айрым коомдук уюмдар, кайрымдуу жарандар, жаштар кабар алып турушат. Бүгүн да Карылар күнүнө карата үй интернатындагы карыялардан кабар алып, таттууларды тапшырып,майрамы менен куттуктагандар көп. 

Быйыл жалпысынан 1-октябрь карылар күнүнө карата  жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жардамга муктаж 145ге жакын ата-апаларга жардам берилди. 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Боорукердик” үй интернатында жашаган карылардан кабар алып, алардын жашоо - шарты менен таанышты. Мэр Т. Сарыбашев ата -энесин кароосуз калтырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын- алууиш-аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, ал эми такыр мүмкүнчүлүгү жок кары-картаңдар учурда жатак интернатында мамлекеттин камкордугунда экендигин билдирди.