Жаңылыктар
Өнүгүүгө кошкон салымы үчүн
Маданият
Өнүгүүгө кошкон салымы үчүн

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын урматына Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкондор, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктерге жетишкендер, ошондой эле бир катар чыгаан инсандар Президенттин колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышат. Жогорку наам алуучулардын катарында эл акыны Нурпаис Жаркынбай менен актер Насредин Дубашев да бар.

Грамоталар, дипломдор, күбөлүктөр жана эски сүрөттөрдөгү Нурпаис Жаркынбайдын чыгармачылык жашоосундагы мүнөттөрү. Жубайлар өнү өчүп саргайган барактарды карап жаштыгын, чыгармачылыгынын башталышын жана белгилүү убактарын көп эстешет. Нурпаис Жаркынбайдын поэзияга болгон сүйүүсү бала кезден эле башталган. 

Акындын биринчи ырлар жыйнагы “Жаштык жазы” деп аталат. Кыргыз элинин басып өткөн жолу жазылган “Кыргыз көчү ” китеби акынга белгилүүлүк алып келген. Анын чыгармачылык жолунда котормочулук ишинин орду да чоң. Дайым берилип окуган окурманы жубайы. 

“Жамиля” көркөм тасмасындагы Сейитти билбегендер жок. Анткени көрүүчүлөр анын көзү аркылуу Данияр менен Жамилянын сүйүү баянын көрүшкөн. Актер Насретдин Дубашевге да дал ушул тасма көрүчүлөрдүн сүйүүсү менен белгилүүлүктү алып келген. Бирок актердук жолунун башталышы “Биринчи мугалим” тасмасындагы Субандын ролу болгон. 

Аны экрандын жылдызы деп аташкан. Таланты, харизмасы көрүүчүлөрдү суктанткан. Режиссерлор болсо мыкты ролдорду ишенип беришкен. Бүгүнкү күндө жогорку мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин бири. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандарды сыйлоо аземи 2-октябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болот.