Жаңылыктар
Өмүрүн тобокелге салып...
Кырсык
Өмүрүн тобокелге салып...

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспектору иш үстүндө кырсыкка учурды. Ал травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ак халатчандардын айтымында бейтаптын абалы орто.

Соккудан улам кичи автобустун маңдайкы терезеси сынып, алды мырыйып кеткен. Жабыркаган кызматкердин шеригинин айтымында, инспектор окуучуларды жөө кишилер өтө турган жерден өткөрүш үчүн катуу келаткан айдоочуну токтотууга жолго чыккан. Маршрутка сүзгөндө ал 10 метрдей ыргып кеткен. Айдоочу болсо башка тарапты карап алаксып кеткендиктен аны көрбөй калганын билдирген. 

Кызмат учурунда кырсыкка кабылган инспектордун аты-жөнү Марат Султаналиев. Ал 1986-жылы төрөлгөн. Ээлеген кызматы - милициянын старшинасы. Үй-бүлөлүү. Султаналиев саат он бирлер чамасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Инспекторду сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери башталды.