Жаңылыктар
1-октябрь - архитекторлордун кесиптик майрамы
Маданият
1-октябрь - архитекторлордун кесиптик майрамы

Бүткүл дүйнөлүк архитекторлор күнү жыл сайын октябрь айынын биринчи дүйшөмбүсүндө белгиленип келет. Жаратмандыкты сүйүүчү архитекторлордун жумушу шаарды туура пландаштырууда, коопсуз жана кооз имараттарды курууда талап кылынат. Чыгаан архитекторлор союз гүлдөп турган жылдары Кыргызстандын баш калаасын кооздоо үчүн көп эмгек жумшаган.

Бишкек шаары убакыт өткөн сайын өскөндүн үстүндө. Бирок ошол эле маалда мурунку Фрунзе калаасынын кооз келбети жок болуп бара жаткандай элес калтырат. 

Убагында баш калаага көрк берип турган имарат асман тиреген үйдүн жанында сынынан кеткени көрүнүп турат. Талаштуу жагдай тууралуу буга чейин архитекторлор коңгуроо кагып, майнап чыккан эмес. Ал эми бул убагында дүркүрөп иштеп турган Пионерлер үйү. Имарат коргоого алынганына карабай азыркы абалы кейиштүү. Республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпы 377 тарыхый имарат тизмеге алынып, анын 31и жок болгон. Бишкек шаарынын башкы архитектурасы калган бөлүгүн сактап калуу аракетин көрүп жатканын, ал үчүн текшерүү иштери жүрүп тураарын билдирди.

Архитекторлор жалпы эле курулуш тармагында башаламандык өкүм сүрдү, өткөн кылымдан калган тарыхый объектилер жетиштүү деңгээлде каралбай жатат деп нааразы.

Мыйзам демекчи, шаардын туңгуч старостасы Терентьевдин үйү калыбына келет деп айтылганына бир нече жыл өттү. Тарыхый имараттар эскиден калган жакшы элес. Архитектор адистер кандай болгон күндө да эч нерсеге карабай эскирген имараттарды оңдоп калыбына келтирип басып өткөн изди сактап калуу зарыл деп коңгуроо кагышууда.