Жаңылыктар
Учак боюнча кырсыктын себептери иликтенүүдө
Кырсык
Учак боюнча кырсыктын себептери иликтенүүдө

Дөңгөлөгү жарылган Boeing-737 учагы акыркы техникалык кароону Украинадан өткөн. Бул туурасында AviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров билдирди. Анын айтымында, учактар пландык кароолорду Украинадан өтөт. Ал эми учкучтар жылына эки ирет Балтика өлкөлөрүнөн окуп келет. Мындан тышкары күн сайын Москва, Стамбул сыяктуу ири шаарларга каттайт. Ал жактагы аэропорттордон дагы самолет текшерүүдөн өтөт. Эч биринен бул учактын дөңгөлөгүндө мандеми бар деп айтылган эмес", — деди Аскаров. Ал билдиргендей, комиссия мүчөлөрү учуу тилкесин карап чыкты. Ал жерден дөңгөлөктү жарып кете турган эч нерсе табылган жок. Эми адистер бардык жагдайларды иликтеп чыккандан кийин гана кырсыктын анык себеби билинет.

Эске салсак, 30-сентябрда эртең менен "Ош" аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан Boeing 737 учагынын дөңгөлөгү жарылып, каттам жылдырылган.